• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-июлдан тартып Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчө Ленин жана Байзаков көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүндө реконструкциялоо жумуштарына байланыштуу жабылды.

Шаардык мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, башка көчөлөр аркылуу каттам жүргүзүп турууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий