Акылбек Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолукту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Малайзияны бекем достук байланыштары, жалпы дин жана окшош салттар байланыштырган боордош мамлекеттер экенин белгиледи.

“Сиздин Кыргызстанга жасаган тарыхый сапарыңыз биздин өлкөлөр ортосундагы жигердүү кызматташууну кайра жандантуу үчүн баштапкы кадамы болуп саналат. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр биздин бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө эки тараптын умтулганыбыздын айкын далили”, - деди ал.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы көптөгөн тармактарда кызматташуунун олуттуу потенциалын белгиледи. Атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарба, логистика, телекоммуникация, өнөр жай, каржы, халал индустриясы, тоо-кен өндүрүшү, маалымат технологиялары, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнүн чоң келечеги бар.

Бул контекстте министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы толук масштабдуу бизнес өнөктөштүктү баштоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Кызматташтык механизмдеринин бири 1997-жылы түзүлгөн атайын кыргыз-малайзиялык биргелешкен комиссия болуп саналат. Акылбек Жапаров бул Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жакынкы аралыкта Бишкекте же Куала-Лумпурда улантууну сунуштады.

Акылбек Жапаров малайзиялык инвесторлорду энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өнөр жайы, жеңил өнөр жай, халал сертификаты жаатында кызматташууга, IT тармагында, билим берүү тармагында кызматташууга, ошондой эле исламдык каржылоо жана Азия банк системасы, жол инфраструктурасын куруу жана башкаруу жаатында тажрыйба алмашууга чакырды.

Өз кезегинде Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосунда ишенимдүү жана достук мамилелер бар. Премьер-министр Анвар Ибрагим көптөгөн тармактарда чоң потенциалга ээ болгон эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин белгилеп, кызматташтык программаларын иштеп чыгууну баштоону сунуштады.

Анын айтымында, Малайзия Кыргызстанда оперативдүү банк ачууга жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар. Малайзиянын премьер-министри билим берүү тармагындагы кызматташууга токтолуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттеринин жогорку окуу жайларында билим алуу баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн министрликтери менен ведомстволору ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий