• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Акылбек Жапаров: Мамлекет ар дайым колдоого даяр, ишенимдүү таяныч экенин эл билип, сезиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Мамлекет ар дайым колдоого, жардам берүүгө даяр ишенимдүү таяныч экенин эл билип, сезиши керек, деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында.

Минкаб башчысы 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Республикалык бюджетке тиешелүү маанилүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алууга 90 депутаттын 85и «макул» деп добуш бергенин, бул көрсөтүлгөн ишке болгон ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктарын белгиледи.

«Министрлер кабинетинин аткарылган иштер боюнча жыйындысына көптөгөн жылуу сөздөр жана оң пикирлер айтылды, бул биздин биргелешкен ишибизге бекем колдоо жана урматтоодон кабар берет. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Иштин ыргагын түшүрбөшүбүз керек, алдыда бизди Элдик курултай жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин отчеттук жыйыны күтүүдө», - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүү индикаторлорунун катышы, көз карандысыз Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана 2019-2024-жылдар аралыгындагы жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча маалыматтарды камтыган комплекстүү талдоо менен тааныштырды.

Талдоо натыйжалары төмөнкү негизги тенденцияларды көрсөтөт:

- экономикалык өсүш - 2021-жылдан бери өлкөнүн экономикасы тез жана туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. ИДПнын орточо өсүү темпи 9%ды түзөт, бул олуттуу жетишкендик;

- мамлекеттик саясаттын курсун коомдук колдоо – IRI изилдөөлөрү жарандардын мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө ишеним жана колдоо деңгээлинин жогорулагандыгын тастыктайт: 2021-жылы мамлекеттик колдоо 69% түздү; 2022-жылы – 76%; 2023-жылы 82% жеткен.

- жарандардын кайрылууларынын санынын азайышы – экономиканын өсүшүнүн жана калктын колдоосунун өсүшүнүн фонунда, жарандардын мамлекет башчысына жана Министрлер Кабинетине кайрылууларынын санынын азайышы белгиленген: 2021-жылы 22,5 миң жарандан кайрылуулар кабыл алынды; 2022-жылы – 19,9 миң кайрылуу; 2023-жылы – 18,7 миң; 2024-жылдын 10 айында кайрылуулар 16,7 миңди түздү.

«Биз бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан саясат реалдуу натыйжаларды берип, экономиканын өсүшүнө, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдеп, социалдык чыңалууну басаңдатып жатканын тастыктайт деп ишенебиз. Жарандар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнү улантуу маанилүү. Эл кайрылган маселелердин көбү жер-жерлерде чечилет жана чечилүүгө тийиш. Мамлекет ар дайым колдоого, жардам берүүгө даяр, ишенимдүү таяныч экенин эл билип, сезиши керек », - деди ал.

Ошондой эле минкаб башчысы Дүйнөлүк банктын 2021-жылдын декабрынан 2024-жылдын октябрына чейинки мезгилдеги калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу боюнча «Кыргыз Республикасын тыңдайбыз» мониторингинин акыркы маалыматтары менен тааныштырды.

Бул мониторинг төмөнкүлөрдү билдирет:

- үй чарбаларынын финансылык коопсуздугун жакшыртуу - өзүнүн финансылык туруктуулугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдын декабрындагы 34%дан 2024-жылдын сентябрында 74%га чейин өстү - бул айылдарда, шаарларда 33%дан 71%га чейин. Финансылык туруктуулугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү кыйла өстү. Маалыматтар калктын өзүнүн экономикалык коопсуздугуна ишеним деңгээлинин бир кыйла жогорулагандыгын далилдейт;

- азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу - азык-түлүк коопсуздугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдагы 43%дан 2024-жылы 85%га чейин өстү - айылдарда, ал эми шаарларда 2024-жылы 37%дан 82%га секирик байкалды. Бул цифралар азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча абалдын жакшыргандыгы бүткүл дүйнөгө сезилип жаткандыгын айгинелейт. Ошентип, каржылык жактан коопсуз жана азык-түлүк коопсуздугуна ишенген үй чарбаларынын үлүшү эки эсеге өстү.

- субъективдүү жакырчылыкты кыскартуу - өзүн кедей деп эсептеген үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдагы 29%дан 2024-жылы 16%га чейин - айылдарда, шаарларда - 30%дан 18%га чейин төмөндөгөн;

- жашоодон канааттануу жогорулатуу – өз жашоосуна канааттанган үй чарбаларынын үлүшү 2021-жылдагы 54%дан 2024-жылы 74%га чейин өстү. Бул олуттуу прогресс жана жыргалчылыктын жалпы децгээлинин өсүшүнүн ачык-айкын көрсөткүчү болуп саналат;

- экономикалык шарттарды кабыл алуунун жакшырышы – өлкөнүн туура багытта бара жатканына ишеним деңгээли да бир кыйла жогорулады. Айыл тургундарынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдагы 71%дан 2024-жылы 89%га, шаар тургундарынын арасында 56%дан 86%га чейин өстү;

- Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугуна ишенген жарандардын пайызы таасирдүү өсүштү көрсөтүүдө. Шаар калкынын арасында бул көрсөткүч 2021-жылдын декабрындагы 60%дан 2024-жылдын сентябрында 88%га чейин, ал эми айыл тургундарынын арасында 83%дан 89%га чейин өстү;

- жарандар менен диалог - мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, канааттанган адамдардын үлүшү 2021-жылдагы 61%дан 2024-жылы 79%га чейин өстү - бул айылдык үй чарбаларынын пикири, ал эми шаар тургундарынын канааттануусу 46%дан 74%га чейин өстү.

Сөзүнүн аягында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткирүү керектигин эске салды. Бул үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий