Акылбек Жапаров: Мамлекеттин финансы системасы – өлкөнү өнүктүрүүчү башкы катализатору

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган мааракелик аземге катышты.

Сөзүнүн башында минкаб башчысы Финансы министрлигинин тарыхына кенен токтолуп, 100 жыл ичинде министрликти 34 адам башкарганын айтып, алардын ар биринин атын атап, тармактын өнүгүшүнө кошкош салымдарын белгилеп өттү. Аны менен жалпы коомубузга бүлүк салган саясий окуялардын, дүйнөлүк экономиканын бир бурчун бузуп чыккан (1998) валюталык-финансылык кризистердин терс таасирин азайтып, ошол кризистердин толкунунан алып чыккан акылга таразаланып, туура такталган финансы саясаты болгонун белгиледи.

"Туруктуу экономикалык өсүүнүн оптималдуу жолун табуунун жана сыноолордун мезгилдери болду, өтө татаал жол болду, кээде олуттуу финансылык салымдарды, анын ичинде тышкы карыздарды алууга аргасыз кылды. Бирок биз такшалдык, тажрыйбага жана ишенимге ээ болдук", - деди ал.

Андан аркы сөзүндө минкаб башчысы бүгүнкү күндөгү экономикалык жетишкендиктер туурасында кеп козгоду. 2020-жылы консолидацияланган бюджет 247,8 млрд сомду түзсө, былтыр 577 млрд сомго чыкканын, 2024-жылга карата 660 млрд сом болоору болжолдонуп жатканын, 2,5 жыл аралыгындагы өсүш 400 миллиард сомго көтөрүлгөнүн айтып, бул жетишкендиктердин аркасында финансы тармагынын кызматкерлеринин чоң салымы турганын белгиледи.

Ошону менен катар минкаб башчысы ааламдашуунун, технологиялык революциялардын доорунда тармакта дагы да чоң аракеттерди жасоону талап кылаарын белгилеп, 2023-жылдын 30-декабрында президент Садыр Жапаров Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыгын эске салып, “Экономикада дал ушул ак илбирстин секиригиндей кадамдарды жасашыбыз керек”, - деп өз сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң, Кыргызстандын финансы-экономикалык чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, министрлер кабинетинин Ардак грамотасын финансы тармагынын 11 кызматкерине тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий