Акылбек Жапаров: Мамлекеттин негизги байлыгы – бул биздин жарандардын саламаттыгы

Өкмөт 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Иса Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди тестирлөө борборунун ачылышына катышты.

“Мамлекеттин негизги байлыгы – бул биздин жарандардын саламаттыгы. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери күнү-түнү калктын саламаттыгын жана жыргалчылыгын коргоо үчүн иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен медицина кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылат. Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%, орто медициналык персонал 20%, кенже медициналык кызматкерлер 10% жогорулатылат. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга 20 000 сом өлчөмүндө стипендия берилет. Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген врачтарга келишимдин негизинде төлөнүүчү 66 000 сом өлчөмүндө врачтын депозитинин ар кварталдык суммасы белгиленген. Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам врачтарына 20 000 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм каралган”, - деген Акылбек Жапаров иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Минкаб төрагасынын белгилөөсүндө, университет бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүүнө түз таасир этүүсү абзел. Бул багытта Ош мамлекеттик университетинде кытай компаниясы менен биргеликте инвестициянын көлөмү 7 млн АКШ долларын түзгөн робототехника борбору ачылды, ошондой эле окуу жайга Ош шаардык ооруканасы толугу менен өткөрүлгөн. Учурда заманбап клиниканын курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары Борбор Азиядагы Америка университетинде “Makerspace Learning Center” окуу жана долбоорлоо борбору ачылып, анда жаңы инженердик долбоорлор жана чечимдер иштелип чыгат.

“Бүгүн болсо Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана тестирлөө борборунун ачылышы эң жакшы жаңылык. Бул борбордун ачылышы студенттердин терең билим алуусуна шарт түзөт. Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылып, операция кылуу үчүн жасалма симуляциялык муляждар менен студенттер практика жүзүндө реалдуу түрдө иш алып барып, билимдерин бекемдешет. Ошондой эле Баткен облусундагы дагы бир медициналык окуу-дарылоо клиникалык базасы да аяктап, ачылыш аземи мына өткөрүлөт деп турган чагы. Ал жакта да бардык заманбап шарттар түзүлүп, 200 орундуу студенттер үчүн жатакана, көп профилдүү стационарды куруу иши аяктады. Мындай базалардын курулушу – элибиздин ден соолугун бекемдөө боюнча дагы бир кадам болуп жатат. Бул багытта иштер дагы уланат”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий