• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бактуу-Долоноту айылынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыздалат

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан эки скважина андан аркы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү менен мамлекеттик менчикке кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

Бактуу-Долоноту айылынын калкынын санынын өсүүсүн эске алуу менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы Ат майдандын батыш тарабында жана Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында жайгашкан эки скважина мамлекеттик менчикке кабыл алынат.

Белгилей кетүүчү нерсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүлгөн скважиналарды камсыздоо жана мындан аркы тейлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Маалымдама: 2004-жылы «Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк багыты боюнча Бактуу-Долоноту айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылган.

Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2 460 адам таза менен камсыздалды.

Бүгүнкү күнү Бактуу-Долоноту айылында 5 084 адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий