• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров Москвада Михаил Мишустин менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.24./Кабар/. 2024-жылдын 18-январында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү.

Визиттин алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий