• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.01.24./Кабар/. Чүй облусунун аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, резидентинин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев административдик-аймактык реформа боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрдү.

Жыйын КР президентинин "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Жыйында президенттин өкүлүнүн аппаратынын Чүй облусунун аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча даярдаган жол картасынын долбоору талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий