Панфилов районунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-17-январында Панфилов районунун аймагында райондук милициянын кызматкерлери “Мектеп рэкети” аталышындагы рейддик алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын, топтошуп мушташуулардын, акча талап кылуунун жана мектеп рэкетин алдын алуу максатында жүргүзүлүп, окуучуларга семинар-лекциялар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий