• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин Тергөө кызматынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча ыкчам кеңешме өтүү

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Күн мурун ИИМдин Тергөө кызматынын 2023-жылдын 12 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу ыкчам кеңешме өттү, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаиловдун төрагалыгы алдында өткөрүлгөн ыкчам кеңешменин жүрүшүндө бир катар орчундуу маселелер каралды.

Барган сайын күчөп бараткан Тергөө кызматынын жоопкерчилиги, ошону менен бирге кылмыштуулук менен күрөшүүдө тергөөнүн сапатын жогорулатуу жана тергөөчүлөрдүн кесипкөйлүгүн өркүндөтүү боюнча маселелер каралып, бир катар жагдайларга токтолушту.

Министрликтин жетекчилиги тарабынан коюлган, ИИОнын тергөө кызматтарында тергөөнүн сапатын көтөрүү, заманбап санарип тутуму менен иш алып баруу, насаатчылык, усулдук жана тажрыйбалык көмөктөшүү, жаш тергөөчүлөрдү окутуу, мыйзамдуулукту сактоо багытында тарбиялоо иш-чараларын уюштуруу жана бул багытта көзөмөлдү күчөтүү тууралуу талаптарды аткарууну Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, кылмыш иши жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери боюнча тергөө тарабынан кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну күчөтүү, тергөөнүн сапатын жакшыртуу, жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында карап, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алуу, Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери менен өз ара аракеттешүү иш-чараларын уюштуруп, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө амалдарын өз учурунда толук жана сапаттуу жүрүшүн көзөмөлгө алуу тууралуу тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий