• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРнын эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Нурдамир Конгурбаев акыркы сапарга узатылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коштошуу зыйнатына президенттин аппаратынан Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, кесиптештери жана жакын туугандары катышты.

Белгилей кетсек, Нурдамир Конгурбаев 2021-жылдын 9-мартында 81 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Нурдамир Конгурбаев 1940-жылы 5-мартта Фрунзе шаарында туулган. 1962-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1971-жылы Ленинград шаарындагы И. Е. Репин атындагы Искусство академиясынын сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. 1971-1985-жылдары Фрунзедеги С. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын мугалими, андан кийин анын директору болуп иштеген.

1976-жылдан тартып СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кийин Кыргыз Республикасынын Жаш сүрөтчүлөр ассоциациясынын төрагасы, 1986-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Өзүнүн эмгек жана чыгармачыл ишмердүүлүгүндө ал республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн активдүү катышуучусу болгон. Чыгармачылык сапарлар менен ал СССРдин бардык республикаларында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө — АКШда, Францияда, Англияда, Германияда, Чехословакияда, Польшада жана башка өлкөлөрдө болгон.

Залкар сүрөтчү Н. Конгурбаев көркөм сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку дипломанты жана лауреаты болуп, «Хабитат» сынагынын жыйынтыгы боюнча ПРООНдун биринчи жана экинчи сыйлыктарын алган. 2002-жылы Кыргызстандын живопись жаатындагы жылдын мыкты иши үчүн Г. Айтиев атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.

Н. А. Конгурбаевдин эмгектери Эрмитажда, Третьяков галереясында, Чыгыш музейинде жана Москвадагы Көргөзмөлөр дирекциясында, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, Алматы шаарынын А.Кастеев атындагы Казак мамлекеттик искусство музейинде, ошондой эле өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталуу.

Көп жылдар бою маданият жаатындагы үзүрлүү ишмердүүлүгү жана өлкөнүн көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1991-жылы Нурдамир Конгурбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү деген наамдарды алган.

Пикир

Оставить комментарий