• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) мобилдик тобу түнкү күзөт кызматын аткарып жаткан учурда шаардын ичинде «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү автоунаа жасалма мамлекеттик номери менен жүрөт деген маалымат түшөт.

Аталган маалымат боюнча шаарда бөлүнгөн бардык милициянын мобилдик топтору автоунааны аныктоо үчүн издөө иштерин жүргүзүшкөн.

“Анын натыйжасында, аталган автоунаа Түп районунун Шаты айылынын 55 жаштагы тургуну Б.М.нын башкаруусунда Каракол шаарынын көчөлөрүнүн биринде байкалып, токтотулат. Автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, жагдайларды териштирүү үчүн айдоочу шаардык милицияга жеткирилген”,-деп айтылат милициянын маалыматында.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 173-беренеси (Транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда айдоочунун автоунаасына жасалма мамлекеттик номерди эмне себептен орноткондугун аныктоо максатында тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилеп кетсек, мындай кылмыш белгисине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 173-беренесине ылайык, 30 миӊ сомго чейин айып пул жоопкерчилиги каралган.

Пикир

Оставить комментарий