• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Муфтийликке 6 талапкер ат салышат, сынак эртеңкиге белгиленди

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына алты талапкер ат салышат. Сынак 21-майга белгиленди. Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай чечим Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, ал эми 24-25-май күндөрү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынак өткөрүлөт.

Кыргызстандын муфтийлигине документтери туура келген алты талапкер ат салышат. Алар:

  • Нурбек Токтогулов;
  • Султанали Гапуров;
  • Шүкүр Исмаилов;
  • Нематилла Жээнбеков;
  • Ниязали Арипов;
  • Убайдулла Сарыбаев.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тартып муфтийликке талапкерлердин арызы кабыл алына баштаган. Учурда Жоробай ажы Шергазыев муфтийдин милдетин убактылуу аткарып жатат.

Эске салсак, буга чейин муфтияттын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылдырылып, 29-майга белгиленген болчу.

Пикир

Оставить комментарий