• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда адам укуктары сакталабы? КР Акыйкатчы аппараты анализ жүргүзгөн

Коом 0

Бишкек, 28.10.21./Кабар/. КР Акыйкатчы институту адам укуктарынын сакталышына анализ жүргүзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбаев билдирди.

Анын айтымында, анализге Кыргызстан боюнча 3,5 миң адам катышкан.

“Ошентип, анализдин жыйынтыгында катышуучулардын 42%ы Кыргызстанда адам укуктары бузулуп жатканын белгилешкен”, - деди ал.

Мындан тышкары, аппарат жетекчиси бул аларга мындан дагы деталдуу анализ жүргүзүүгө, кандай укуктар бузулуп жатканын билүугө түрткү бергенин белгилейт.

“Изилдөөнүн жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 31%ы медициналык кызмат көрсөтүү укугуна жана 40% жарандар билим берүү укугуна канааттанаары белгиленди. Бул Кыргызстанда тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын жана эл аралык келишимдер базасы бар экенине карабай калктын нааразычылыгынан кабар берет”, - деди Азарбаев.

Пикир

Оставить комментарий