• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мектеп окуучулардын 22 пайызы 7 жашка чейин тамеки тартып көргөнүн айтышты - Төлебаева

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Мектеп окуучулардын 22 пайызы 7 жашка чейин тамеки тартып көргөнүн айтышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кардиология жана терапия улуттук борборунун кардиологу Айчүрөк Төлебаева билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы өспүрүмдөр арасында чылым чегүү боюнча ири изилдөө жүргүзүлгөн. "Изилдөөгө 13-15 жаштагы 5 миңден ашык мектеп окуучулары катышты. Алардын 22%ы 7 жашка чейин тамеки тартып көргөнү аныкталды", - дейт ал.

Төлебаева электрондук тамеки жана кальян чеккен жаштар көбөйүп жатканын айтат. "2,8% өспүрүм электрондук тамеки жана кальян колдонору аныкталды", - деп белгиледи ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшат Абдылдаеванын айтымында, 2014-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге дени сак жашоо боюнча программа иштелип чыккан.

"Ал программа боюнча 6-11-класстын окуучуларына класс жетекчилери тарабынан ар кандай иш-чара уюштуруу каралган. Мектептерде тегерек стол, флешмоб, конкурс уюштурулуп келген. Окуучулар тамекисиз жашоо боюнча дил баян, жат жазуу жазышкан. Учурда бул иштердин баары онлайн режиминде өткөрүлүүдө", - деди Абдылдаева.

Пикир

Оставить комментарий