Акылбек Жапаров Нарындагы бир катар объектилердин курулуш долбоорлору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуш долбоорлору менен таанышты.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин төрагасына 2024-жылга Нарын облусунда пландалып башталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди. Планга жалпысынан 64 объект киргизилген.

Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды.

Пикир

Оставить комментарий