• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров Нарын облусундагы долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Алсак, иш сапарынын алкагында минкаб башчысы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормонхан айылындагы манасчы Сагынбай Орозбак уулу атындагы музейди реконструкциялоо ошондой эле ушул эле аталыштагы күмбөздү тосуу иштери менен таанышты.

Бүгүнкү күндө күмбөздү тосуу жана музейди реставрациялоо иштери толугу менен аяктап, 1100 чарчы метр аянтка мектеп аянтчасына брусчатка төшөө иштери калды.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылында жаңы логистикалык борбордун курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, логистикалык борбор Жаңы-Жол айылындагы Тогуз-Булак участкасында жайгашып, жалпы аянты 13 гектар жерди түзүп, анын 8 гектарын мал базары ээлейт.

Учурда малды байлоо үчүн темир конструкцияларды орнотуу иштери бүткөрүлүп, базардын аймагы тосулду. Мындан сырткары унааларды токтотуу үчүн 4 гектар жер даярдалды.

Министрлер кабинетинин башчысы логистикалык борбордун курулушу дыйкандар үчүн инфраструктураны жакшыртууга, айыл чарба продукциясын логистика менен камсыздоону оптималдаштырууга жана облуста жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий