Акылбек Жапаров Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушун баштады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Орто-Токой суу сактагычындагы чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы “бүгүн ата мекендик энергетиканын тарыхы үчүн маанилүү күн” деп белгиледи.

"Бүгүн Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭСтин курулушуна капсула салдык, ал келечекте Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат. Биз энергетикалык көз карандысыздыкка карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатабыз. Өлкө президенти жакында эле Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди, Папан суу сактагычында жакынкы арада ГЭСтин курулушу башталат. Улуттук долбоор - Камбар-Ата ГЭС-1 күч алууда, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрүнөн турган комитет түзүлдү. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык өлкөгө айлануусуна шарт түзөт", - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүү темпин сактап, социалдык объектилер жана турак-жайлар курулуп, жолдор реконструкцияланып жатканын кошумчалады.

Андан кийин кичи ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болду.

Белгилей кетсек, ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Долбоор расмий түрдө министрлер кабинетинин буйругу менен Кризиске каршы иш-чаралар планынын алкагында бекитилген.

Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча келишим кытайлык China National Machinery Industry Corporation (CHMC) менен "Чакан ГЭС" ААК ортосунда түзүлгөн.

Кытай биздин өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири жана анын рыногу «океан» сыяктуу. Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу өнүккөн шаарга айлана турган күн келет”, - деп өз сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий