Акылбек Жапаров ОшМУнун 85 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата уюштурулган "Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору" аттуу эл аралык форумга катышты.

"Бүгүн ордолуу Ош шаарына Борбордук Азиядагы эң алдыңкы билим берүүнүн жана илимдин ордосуна айланган Ош мамлекеттик университетинин абройлуу наамы жана 20дан ашык корпустары менен көркүнө көрк кошуп отурат. Атактуу университетибиз 85 жашка чыкты", - деп сөзүн баштаган министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамаатына, студенттерге жана форумдун жалпы катышуучулары президент Садыр Жапаровдун жана өзүнүн атынан куттуктоо жолдоду.

Андан аркы сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы бүгүнкү ааламдашуунун, технологиялык революциялардын, санариптештирүүнүн заманында, билим берүү тармагына жаңы талаптар коюлганын эске салды. Президент тарабынан билим берүүнү модернизациялоо үчүн өнүгүү потенциалы бар алдыңкы 6 жогорку окуу жайга, анын ичинде Ош мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилгенин белгиледи.

"ОшМУнун бюджети 21-кылымдын башында 87,5 млн сомду түзсө, бүгүнкү күндө 4 млрд сомдон ашты. Кыргызстандагы бай университеттерден болду. Мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү да жылына 130 млн сомдон ашты. ОшМУ мындай ийгиликтерге иштеген окуган ар бир адамдын бир тамчыдан турган күжүрмөн эмгегинен жетише алды", - деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы, билим берүү тармагында, рыноктун талаптарына жараша ишин уюштурууга, академиялык эркиндикке, университеттер билим берүүдөгү практика жана инновация менен айкалыштырууга багытталган бир топ иштер болуп, бул максатта билим берүү программаларын түп тамырынан өзгөртүү гө туура келип жатканын белгиледи.

"Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Университет 4.0” билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыкты. Ал университетти окутууга, изилдөөгө жана башкарууга инновациялык ыкмаларды камтыйт. Университет бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүүнө түз таасир этүүсү абзел", - деди Жапаров.

Сөзүнүн соңунда ал, Ош мамлекеттик университети – өлкөнүн сыймыгы экенин белгилеп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн 11 окутуучуга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров форумдун алкагында уюшулган көргөзмөгө катышты. Көргөзмөгө ОшМУнун Бизнес паркынын 39 стартап долбоору , ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана 10го жакын Өзбекстан, Казакстан, Россия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата, окуу жайда "Келечек муундун ХАБы" ("Next Generation HUB") борбору ачылышына катышты.Белгилей кетсек, Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан 5 млн АКШ долларына алынган робототехникалар жана жабдууларды көрүп чыгып, окуу жайдын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий