• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров Оштогу селдин кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаарда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда минкаб төрагасы Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базардын жана А.Навои атындагы эс алуу жайдын, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын көрүп чыкты.

Ош облусунун аймагында селдин кесепеттерин жоюуга – 580 жарандык коргонуу тармагынын өкүлдөрү, ал эми Ош шаарында – 530 адам, аны менен катар 30дан ашык атайын техника тартылган.

Акылбек Жапаров борбордук базардын соодагерлери менен сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң минкаб төрагасы Ош облусунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Учурда аткарылып жаткан иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, шаар мэриясы маалымат беришти.

Акылбек Жапаров облустун жана шаардын инфраструктурасын калыбына келтирүү, ошондой эле турак жайларга, социалдык объектилерге жана инфраструктуралык объектилерге жана ишкерлик жүргүзгөн субъекттерге келтирилген зыяндын эсеби боюнча тиешелүү зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, үйлөрүнөн эвакуацияланган жарандарды убактылуу турак жай менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

“Акыркы айларда биз табигый кырсыктарга дуушар болдук, алар тилекке каршы курмандыктарга жана кичинекей балдардын кайгылуу өлүмүнө алып келди. Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Бүгүн селден жабыркаган объектилерди карап чыктым. Базарда иштеген соодагерлерге тиешелүү комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды иликтөө зарыл. Ишкерлерди колдоонун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл”, – деди ал.

Минкаб төрагасы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча принципиалдуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Мындан улам ӨКМдин тапшырмаларын аткарууда жер-жерлерде шалаакы иштерди белгилеп, бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

“Коопсуздук чараларын максималдуу түрдө күчөтүп, калкты табигый кырсыктардан коргоо зарыл. Акыркы окуялардан сабак ала керек. Жергиликтүү бийлик дарыяларга жакын жайгашкан жерлерди жана сел жүрүүсү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жайгашкан эс алуучу жайларды иретке келтирүү маселелерин тартипке келтирүүсү зарыл”, – деди Акылбек Жапаров.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө минкаб төрагасы КР президентинин тапшырмасы менен уюштурулган жаратылыш кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү кечесине катышып, куран окуду.

Пикир

Оставить комментарий