• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Акылбек Жапаров Пакистандын премьер-министри менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолукту.

"ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Исламабадда өтүүчү кезектеги жыйынына катышууга чакырганыңыз жана биздин делегацияга көрсөткөн жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирем", - деп сөзүн баштаган Акылбек Жапаров Кыргызстан-Пакистан мамилесиндеги соода-экономикалык кызматташтыкты чоң потенциал экенин, бирок бул дараметтер учурда колдонулбай жатканын белгиледи.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү дагы эле төмөн деңгээлде, 2023-жылы 20 млн доллардын тегерегинде болду. Мен биргелешкен аракеттер менен келерки жылы, 2025-жылы кеминде 100 миллион долларга, орто мөөнөттүү келечекте 500 млн долларга жеткирүүнү сунуштайм", - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда транзиттик жүк ташуу боюнча кол коюлган төрт тараптуу келишим бар, ал Кыргызстанга Пакистан аркылуу деңизге чыгууга мүмкүндүк берет.

"Буга байланыштуу Каракорум шоссесинин баасы болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Тилекке каршы ар кандай себептерден улам бул уникалдуу транспорттук коридор дагы эле өзүнүн ишинин баштапкы этабында турат жана биз биргелешип бул маанилүү каттамды тез арада максималдуу кубаттуулукка жеткирүүбүз керек", - деди ал.

Ошондой эле минкаб башчысы Пакистандык кесиптешине Кыргызстандагы инвестициялык климат жакшырганын айтып, ишкерлер ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу максатында, кыргыз-пакистан ишкер кеңешин түзүүнү жана анын биринчи жыйынын келерки жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф, 2025-2026-жылдарда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө добуш берүүдө Кыргызстан Пакистанды колдогону үчүн терең ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда тараптар, маданий-гуманитардык кызматташуу, анын ичинде билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашууну талкуулашты.

"Биздин биргелешкен иш-аракеттерибиздин аркасында кыргыз-пакистан кызматташтыгы жакынкы келечекте жаңы бийиктиктерге жетет деп ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизди Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келүүгө чакырам", - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий