• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Акылбек Жапаров Пакистандын президенти менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун алкагында, Акылбек Жапаров Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын өзгөчө белгиледи.

"Биз сиздердин өлкө менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз"-деди өз сөзүндө.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Пакистан БУУ, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында бири-бири менен активдүү кызматташаарын белгиледи.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыктагы маселелерди кеңири талкуулашып, инвестиция, энергетика, транспорт жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий