• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын бекем динамикасын, ошондой эле өкмөттөр аралык активдүү өз ара аракеттенүүнү белгиледи.

"Кыргыз-орус мамилелери стратегиялык өнөктөштөргө ылайыктуу жогорку деңгээлде экенин белгилегим келет. Россия Федерациясы биздин эң жакын союздашыбыз, ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз", - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кыргыз-орус мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жатканын белгиледи.

Михаил Мишустин эки өлкөнүн мамлекет башчылары өкмөттөрдүн алдына койгон узак мөөнөттүү стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал транспорт, логистика, өнөр жай, санариптик экономика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүнү тездетүүнү сунуштады.

Тараптар кыргыз-орус күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу, транспорт, энергетика, билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий