• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акылбек Жапаров россиялык Unigreen Energy компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров россиялык «Unigreen Energy» компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууда тараптар, Ысык-Көл облусунда 300 МВт кубаттуулуктагы күн электростанциясын куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Ишкананын өкүлдөрү Министрлер Кабинетинин башчысына аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, учурда документтер ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылып, электр станциясынын аянтында даярдык иштери башталганын белгилешти.

МинКаБ башчысы энергиянын кайра жаралуучу булактарына багытталган долбоорлор, мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналаарын, андыктан күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруудагы тоскоолдуктар маселесин чечүүгө мүмкүн болгон бардык аракеттер жумшалаарын белгиледи.

Ошондой эле ал, бул долбоорду 2024-жылдын артыкчылыктуу долбоорлор планына кошуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий