• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Билим берүү министри Гёте университетинин башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Германиянын И.В.Гёте атындагы Институтунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Хайке Улих менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 18-декабрда Берлинде өтүп, ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дп катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде немис тилин үйрөнүүнү колдоо, анын ичинде тиешелүү окуу китептерин басып чыгаруу, немис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, тил практикасын жана маданий алмашууну бекемдөө үчүн Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жаштардын алмашуу программаларын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Хайке Улих Гёте атындагы Институт Ош шаарында немец тили боюнча экзамендерди тапшыруу жана эл аралык сертификат берүү үчүн Немис тилин окутуу борборун түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий