• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мектепте электрондук каттоо. Сентябрга чейин мектепке тартылбаган бала болбойт

Билим 0


Бишкек, 11.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин өлкө аймагындагы мектептерге тартылбаган бала болбойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

undefined

Анын айтымында, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча. Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.

“Электрондук каттоо бүгүн эле башталды, 15-сентябрга чейин (ред.: жаңы окуу жылынын башталышы) канча убакыт бар. Бардык бала окуйт. 15-сентябрга чейин өлкө аймагындагы мектептерге тартылбаган бала болбойт”, - дейт ал.

Усеналиев электрондук каттоо сайтында бүгүн техникалык мүчүлүштүк болгонун айтып, учурда ал иштеп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин сайты аркылуу мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо башталган.

Пикир

Оставить комментарий