• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Иманалиев мугалимдерди электоратка айлантууну токтотуу керектигин билдирди

Билим 0

Бишкек, 28.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Мугалимдин аброюн Баткендин чек арасын коргогондой коргошубуз керек” , - деп билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

“Аким, инвестор, депутат, министр келсе мугалим залды толтурган электоратка айланып калган. Ал учурда сабак үзгүлтүккө учурап жатпайбы, биз сабакка акча төлөп жатпайбызбы. Баланын келечегине балта чаап жатабыз. Мектепке киргенде саясат токтошу керек. Ошону мыйзам менен тыюу салышыбыз керек. Бир гана билим берүү саясаты болушу кажет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Пикир

Оставить комментарий