• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүктүн грантын өздөштүрүүгө конкурс узартылды

Билим 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. “Билим берүү системасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн” Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүктүн 950 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү грантын өздөштүрүү максатында Билим берүү системасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн гранты” аталышындагы конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 27-декабрына чейин узартылды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга аталган конкурска мурда белгиленген дата – 2023-жылдын 13-декабрына чейин кызыкдар өнөктөштөр тарабынан өтүнмөлөр келип түшпөгөндүгү себеп болгон.

Конкурска Дүйнөлүк банктын Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүгүнө аккредитациядан өткөн гана өнөктөштөр катыша алат. Министрлик аталган өнөктөштүккө аккредитациядан өтүү алты ай убакыт аларын билдирет.

Конкурстун максаты – Билим берүү тармагындагы заманбап чакырыктарды жана керектөөлөрдү эске алуу менен билим берүү системасынын потенциалын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган долбоорлорду жана демилгелерди колдоо.,

Конкурстун жобосу жана өтүнмө формасы менен таанышуу үчүн:

1. ► Жобо;

2. ► Форма.

Дүйнөлүк банктын Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүгүнө аккредитациядан өткөн уюмдар: (► документ).

Пикир

Оставить комментарий