• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Россиянын соода министринин орун басары баштаган делегацияны кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Беспрозванных баштаган Россия Федерациясынан келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда соода жүргүзүү, кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүү, ошондой эле өнөр жай индустриалдык парк куруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери тууралуу кенен талкуулашты.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган тармактар боюнча тиешелүү адистерден турган делегациянын курамындагы өкүлдөр буга чейин бул тармактарда иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий