• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясына чейинки даярдык менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, аталган борбордун базасында жасалуучу бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясына чейинки даярдык менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 22 жаштагы бейтапка эртең, 1-февралда кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоону пландаштырууда. Бейтап 6 айдан бери программалык гемодиализде. Бул бейтаптын бөйрөгүнүн иштен чыгышы өнөкөт гломерулонефриттин кесепети катары каралууда. Реципиент операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктардан өттү. Бейтапка атасы донор болот.

Министр президент Садыр Жапаров органдарды трансплантациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген «Кыргызстандагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койгонун билдирди.

Эгерде мурда эң жакын тууганы гана органын бере алса, жаңы мыйзамга ылайык, чоң ата – чоң энесине чейин донор болууга уруксат берилет. Министрлер кабинети программалык диализден өтүп жаткан 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн бекер алмаштырууга каржылык каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул үчүн бюджеттик бөйрөк алмаштырууга бейтаптарды тандоо боюнча комиссия түзүлдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алышат. 2024-жылыгемодиализге бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүндү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциясы 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканын борбордун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков билдирди. Буга чейин 44 операция жасалган.

Маалымат үчүн: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолорго жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот:

  • Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева - 0700 62 77;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков - 0550 22 77 01.

Пикир

Оставить комментарий