• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандын Исламабад шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйынына катышты.

Жыйында минкаб башчысы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, ШКУ кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берип, динамикалуу өнүгүүсүн улантып жатканын белгиледи. Ал белгилегендей акыркы 15 жылдын ичинде катышуучу өлкөлөр олуттуу экономикалык прогрессти көрсөтүп, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү. Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га жетип, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү.

"Бул жетишкендиктер, туура стратегия менен дүйнөлүк өсүштүн драйвери боло ала турган аймактын жогорку потенциалын тастыктайт"-деген Акылбек Жапаров, андан аркы сөзүндө учурдагы татаал глобалдык геосаясий кырдаалды эске алуу менен Уюмдун потенциалын толук пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү стратегияны кабыл алуу зарылчылыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын тез арада кабыл алынышын жактай турганын билдирди.

Ошондой эле ал, тараптарды ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын жана 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУнун Экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө чакырды.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды түзүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, деңиз кемеси менен кургактагы темир жол байланыштарынын ортосунда жүк ташуу логистикасын айкалыштыруу зарылчылыгын билдирди.

"Мындай мамиле атаандаштыктын ордуна, өзгөчө Евразия континентинин борборун кесип өткөн темир жол линиялары үчүн олуттуу жеңилдиктерди пайда кылып, бул жүк ташуу маршрутун 1000 кмге чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу жана аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында эл аралык автомобиль ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруу маанилүү. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоор аймактын транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам болоруна ишеним билдиребиз", - деди ал.

Андан аркы сөзүндө Акылбек Жапаров соода-экономикалык кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу жана ШКУнун институционалдык өнүгүүсү үчүн, Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселелерин тез арада чечүү зарылчылыгын, ошондой эле ШКУнун инвестициялык фондун түзүү боюнча консультацияларды улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле ал, санариптештирүү жана жаңы технологияларды колдонуу экономиканы өнүктүрүүдө жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүдө маанилүү ролду ойноорун белгиледи. Бул багытта Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына, 2024-жылдын 4-июлунда Астана шаарында өткөн ШКУ саммитинин жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, ШКУнун жаштарынын санариптик форумун 2025-жылы Бишкекте өткөрүү ниетин эске салып, тараптарды бул иш-чарага катышууга чакырды.

Өз сөзүндө минкаб башчысы экологиялык проблемалардын курчтугун козгоп, бул контекстте тоолу аймактын суу ресурстары электр энергиясынын маанилүү булагы болгондуктан экологиялык маселелер энергетика менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Бул багытта Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу аймактагы суу ресурстарын пайдалануудагы чыңалууну кыйла азайтат жана энергетика тармагында кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп сыпаттады.

Акылбек Жапаров БУУнун Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдардагы беш жылдык акциясын ишке ашыруу максатында жана Тоо беш жылдыктын жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын дагы айта кетти.

Андан ары Акылбек Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы гуманитардык өз ара аракеттенүү зарылчылыгына токтолуп, «спорт саясаттан тышкары» принцибинде ШКУнун жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл марафону “спорттук визиттик картага” жана айланганын белгиледи.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын колдоосу менен Бишкекте түзүлгөн ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий интеграция борборунун базасында ШКУнун кинофестивалдарын жана ШКУ өлкөлөрүнүн акын-жазуучуларынын арасында Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сынакты үзгүлтүксүз уюштурууну сунуштады.

Сөзүнүн аягында минкаб башчысы Пакистандын натыйжалуу төрагалыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди Өкмөт башчылар кеңешинин төрагалыгына кабыл алышы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий