• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров: Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди.

“Үч жылда Социалдык контракт долбоорунун алкагында дээрлик 31 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. Ага 3,1 млрд сом бөлүндү. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2021-жылы – 111 миңди түзсө, 2024-жылдын 1-октябрына карата – 76,4 миң үй-бүлөнү түзүп, 34,6 миң үй-бүлөгө төмөндөдү",- деди ал.

Минкаб төрагасы ошондой эле, мамлекет тарабынан бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдар жеке ассистенттин кызматы менен камсыз болгонун, ал ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 23%га жогорулаганын билдирди.

“Президент “Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет” деп бул багытта саясатты жаңы нукка буруп жатат. 2024-жылдын 1-июнунан тартып ар бир томолой жетим балдар үчүн 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди”, – деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий