• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акылбек Жапаров Түркия почтасынын туунду компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркия почтасынын туунду компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин алдында почта кызматтарынын сапатын жогорулатууга гана эмес, ошондой эле биздин өлкөдө электрондук коммерциянын жигердүү өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө түздөн-түз тиешелүү милдеттер да турат.

«Улуттук рынокту түзүү жана почта жана логистикалык инфраструктураны модернизациялоо боюнча тапшырмалардын алкагында биз маанилүү кадамдарды жасадык. «Кыргыз почтасы» ААК жана «Элдик Банк» ААК сиздердин компания менен биргелешип иш алып баруусу Кызматташуу келишимине кол коюуга алып келди жана бул биздин жолубуздун башталышы гана. Бул макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын почта тармагын олуттуу модернизациялоого жана биздин жарандарга жана бизнеске аймактагы электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү заманбап логистикалык чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берет деп күтөбүз», - деди минкаб башчысы.

Түркиянын почтасынын туунду компаниясынын директору Хакан Чевикоглу өз кезегинде электрондук сооданы өнүктүрүүгө жана почта системасын модернизациялоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.

Жолугушууда түрк компаниясынын сунуштары айтылып, почта жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөдөгү электрондук соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий