• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Акылбек Жапаров “Валднер Холдинг” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Мюнхенге болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, “Валднер Холдинг” (Waldner Holding SE & Co. KG) компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Йохен Фрю менен жолугушту.

Жолугушуу Мюнхен университетинде өттү, анда “Валднер Холдинг” компаниясы лабораторияны кеңири спектрдеги изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдуу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган.

Минкаб башчысы лабораториянын иши менен таанышып, Кыргызстан менен компаниянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Германия Кыргызстандын Европа биримдигиндеги ишенимдүү өнөктөшү. Биз көптөгөн социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырдык. Азыр биз кыргызстандык жаштардын Германияда сапаттуу билим жана кесиптик тажрыйба алууга умтулуусун эске алып, билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүүгө умтулуп жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Минкаб башчысы мектептерди жана ЖОЖдорду эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан региондо биринчилерден болуп билим берүү тармагында Гугл Эдьюкейшн (Google Education) менен кызматташууну жолго койгонун баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө долбоорлоо жана өндүрүш баскычында турган "Акылман" президенттик мектебинин лабораториялык класстарын жабдуу долбоору талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Кыргызстандын беш университети үчүн химия жана физика лабораторияларын кайра жабдуу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашаарына ишеним билдирди.

"Биз университеттердин ар бирине 1 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз, долбоорду Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен бирге баштоону пландап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Йохен Фрю өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташууга кубанычта экенин белгиледи.

"Биз билим берүүнү өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрүп жатабыз жана кыргызстандык студенттерге ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү алууга жардам бере турган заманбап жабдууларды жана технологияларды берүүгө даярбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий