• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Акылбек Жапаров "Ынтымак Ордодо" биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды.

"Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз", - деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Пикир

Оставить комментарий