• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмени ачууда министрлер кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкөгө COVAX глобалдык демилгелер алкагында 259 миң доза Phizer жана 111,600 доза Sinofarm вакцинасын алып келүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Кеңешмеде учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланып, аймактардагы вакцинациялоо темпи жана билим берүү мекемелериндеги абал тууралуу маалымат угулду.

Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасына тийиштүү маселе талкууланып, калктын социалдык жактан аяр катмарына ПЦР-анализдерди акысыз негизде, же жеңилдиктер аркылуу берүү сунушу каралды.

Пикир

Оставить комментарий