• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кечээ, 27-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:

1) Островский көчөсү №117 дарегинде жайгашкан “Курманбек баатыр” атындагы кыргыз-түрк лицейинин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү;

2) Борбордук базардагы чачкынды сооданы иретке келтирүү жана рейддин жыйынтыгын кароо;

3) Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө;

4) Муниципиалдык менчиктеги эскилиги жеткен техникаларды сатууга уруксат берүү;

5) Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү;

6) Ар түрдүү маселелер.

Пикир

Оставить комментарий