• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сузактын Чөкө-Дөбө айылында социалдык комплекстин курулушу жакында аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунунСузак районундагы Чөкө-Дөбө айылында социалдык комплекстин курулушу жакында аяктайт.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, мектеп, ашкана, ФАП, мечитти камтыган социалдык комплекс "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жатат.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен комплексти толук бүтүрүүгө атайын акча каражаты бөлүндү.

Айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн акча каражатына лоток орнотуу, ажааткана куруу, жылытуу системасы менен камсыздоо, мектептин ички жасалгалоосу, комплекстин айланасын тосуу, жолдорго асфальт басуу жумуштары жүрүп жатат.

Комплекс жакынкы күндөрү толук бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий