• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК: "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери Н.Д.А., И.А.Х., К.М.Э., М.Ж.Ж. ошондой эле Араван районунун Тепе-Коргон а/о мурдагы башчысы Ж.Х.Ж. кармалды.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий