• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жолбун иттер жок кылынууда (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 24.01.18. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ошто Ош-Тазалык ишканасынын мергенчилери жолбун иттерди атууну улантууда,-деп билдиришти аталган ишкананын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, күн сайын таңкы саат 05:00дө эки мергенчи шаардын эки бөлүгүн аралап, иттерди атып жатышат.

“Атуу иштери шаарга кыймыл жанданганга чейин уланат. Ал эми атылган жолбун иттер атайын ороого көмүлүп, көмүлгөн чуңкурда зыянсыздандыруу иштери жүрөт”,-деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий