• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кар астында калган аңчыны издөө уланууда, ал үчүн 100дөн ашуун адам тартылды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 24.01.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында кар көчкү астында калган жаранды издөө иштери уланууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 21-январь күнү болжол менен саат 17:00дө Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аңчылык кылып жүрүшкөндө кар көчкү түшүп, бирөөнү басып калган. Кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 154800м3.

“Эки адам аман калган”,-деп билдиришти ӨКМден.

Кар астында калган аңчыны издөө үчүн атайын 8 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, издөө-куткаруу иштерин башташкан.

“Кечээ, издөө иштери жүргүзүлүп, табылган жок. Караңгы киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулуп, саат 20:20да жергиликтүү тургундар өз үйлөрүнө жана куткаруучулар өздөрүнүн туруктуу жайгашкан ордуларына кайтып келишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Аңчыны издөө иштери бүгүн улантылып, жалпы 52 куткаруучу 3 даана ГАЗ-66 унаалары менен жөнөп кетишти. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 50 адам издөө иштерине тартылды.

Пикир

Оставить комментарий