• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад: Муктаж болгон 3 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы 3 миң 131 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары жеткирилген. Мында жарандардын шаарда каттоосу бар-жогуна карабастан, калаа аймагында жашап жаткан муктаж жарандарга көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн да калаадагы 350 үй-бүлөгө жардам берилди. Түзүлгөн кырдаал башталгандан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүккө болгон муктаждыктар жаралган. Бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү бийлик тарабынан да бир топ иш аракеттер колго алынган.

“Буга чейин матрезервден бөлүнгөн, жеке демөөрчүлөр жана жергиликтүү бийлик тарабынан жалпы 3 миңден ашуу үй-бүлөгө жардам берилди. Мындагы азык-түлүктөрдү чыныгы муктаж жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, аны жеке көзөмөлүмө алгам. Азыр да бизге жашоочулардан 2 миңден ашуун кайрылуу келип түштү. Түзүлгөн атайын комиссиялык топ тизмелерди тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардын аймагындагы жашоочуларда азык-түлүк жактан муктаждыктар жаралса, аймактык башкармалыктарга кайрылса болот”, - дейт Тагаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарында жалпы 2 миллион 583 миң сомдук азык-түлүк жардамдары таратылды.

Пикир

Оставить комментарий