• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Акылбек Жапаров Жарандык авиация күнүнө карата сыйлыктарды тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-октябрь - КР Жарандык авиация күнүнө карата министрлер кабинетинин сыйлыктарын тапшырды.

Алгач минкаб башчысы жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап: "Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар алдык. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген сөз", - деди.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров "Манас" эл аралык аэропорту буга чейин болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкенин, эгерде 2019-жылы таза киреше 2 млрд 108 млн сомду түзгөн болсо, 2023-жылы 6 млрд сомду түзгөнүн кошумчалады. Ал 2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 млрд 368 млн сомго жетип, анын эсебинен "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы үчүн эки Q400 учагын (кю 400) жана «Эйркей джи» авиакомпаниясы үчүн бир Бичкрафт Кинг Эйр 360 учагын өз каражаттарыбызга сатып алууга мүмкүнчүлүк болгонун, бүгүнкү күндө дагы бир Q400 учагы сатып алынып жатканына токтолду.

МинКаб башчысы ошондой эле "Манас" эл аралык аэропортунун өз каражаттарынын эсебинен аймактык аэропорттор – "Каракол", "Казарман", "Кербен", "Талас", "Нарын" реконструкцияланып, эми өлкөнүн аймактык аэропортторуна жаңы каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи.

Жыйынтыгында минкаб башчысы министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана Алкыш баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий