• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Жолдорду курууда жол жээгиндеги инфраструктураны түзүүгө каражат каралышы зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Жолдорду курууда жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны түзүү үчүн каражат каралышы зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди, анда 19 маселе каралды.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин 2022-жылга карата жолдорду куруу пландары боюнча баяндамасын укту.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мындан ары карай жолдорду курууда жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны түзүү үчүн финансы каражаттары каралышы зарыл.

«Буга катар асфальт-бетон жолдорду куруунун көлөмүн көбөйтүү керек, ал эми керектүү материалдарды сатып алуу боюнча бардык тендерлер өз убагында жүргүзүлүшү шарт», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов республиканын бардык калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Акылбек Жапаров коюлган милдетти чечүү үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук чечимдерди кабыл алууну тездетүүнү тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев министрлер кабинетине жаз жана жай мезгилиндеги мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күчү жана каражаттарынын даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, жыйында республиканы санариптик өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий