• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Бишкекте “Ак калпак жана улуттук кийимдер” күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. 5-март “Ак калпак күнүнө” карата Ак калпак жана улуттук кийимдердин күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министилиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарындагы “Ынтымак-2” сейил багында өтөт. Анда жөө жүрүш, флешмоб (калпак бий), “Кыргыздардын салттуу кийими” үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер класстар өтүп, концерттик программа менен коштолот.

Иш-чара саат 10:30 улуттук кийимдерди кийген жарандардын жүрүшү менен башталат.

Пикир

Оставить комментарий