Акылбек Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Беларусь Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты.

Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышты.

Пикир

Оставить комментарий