Акылбек Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапары аяктады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 25-27-июнь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү жана Хами шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, соода-экономикалык, транспорт, көзөмөл өткөрүү жайлары, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактары боюнча кенен сүйлөшүү жүргүздү.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов болгон жолугушууда, эки өлкөнүн башчылары буга чейин белгилеген мамлекеттер аралык кызматташуунун күн тартибинде турган үч келечектүү инфраструктуралык долбоор тууралуу баарлашты.

Жумуш сапарынын экинчи күнүндө "Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү" 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

Анда ЭКСПОго келген мамлекеттердин делегация башчылары менен биргеликте эл аралык көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышты, ошондой эле Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн күркөсүндө болушту.

Андан соң ЭКСПОнун расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөп, катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди, ошондой эле ЭКСПО алкагында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын ири корпорацияларынын жана компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Кытай-Евразия ЭКСПО" жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарындагы 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду, анын ичиндеги документтердин суммасы 1 млрд 500 млн доллар болду.

Ошондой эле, Кытайдын Үрүмчү шаарында кыргыз-кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды. Борбордун негизги максаты тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүү жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз жана кытай ишкерлери үчүн шарт түзүү.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров СУАРдын Хами шаарына барып Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd компаниясынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан соң, Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду курууну сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий