• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапары кыргыз-орус алакасынын өнүгүүсүндөгү маанилүү учурлардын бири болуп калды

Аналитика 0

Үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясына болгон расмий сапары эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый, салттуу достук мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болду. Бул өзгөчө транспорт, соода, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармактарында өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Өкмөт башчынын сапары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына туш келгендиги менен өзгөчөлөндү. Ошондой эле расмий сапардын алкагында Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өттү.

Быйыл Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын – бир кезде жоголгон кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышы белгиленип жатат. Анын кайра жаралуу жолу узак жана татаал болуп, курч саясий күрөш менен коштолгон.

Биздин көрүнүктүү ишмерлерибиздин аракетинин натыйжасында 1924-жылдагы мамлекеттүүлүк Түркстан АССРинин айрым аймактарына чачырап кеткен кыргыз элинин жана кыргыздардын өздөрүнүн жерлерин бир бүтүн жерге бириктирди. Жаңы мамлекеттик түзүлүшкө бириккен аймактарды тезирээк өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда эне тилди сактоо жана колдонуу, ошондой эле автономиялуу республикага айландырууга өбөлгөлөр түзүлдү.

“Учурда мамлекетибиздин болушуна эзелтеден кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап келген ата-бабаларыбыздын акылмандыгынын жана баатырдыгынын салымы чоң. Кыргыз мамлекети узак тарыхый жолунда бекемделип, Борбордук Азиядагы өзүнүн татыктуу ордун жоготпостон сактап калды”, - деп айтылат президенттин “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгында.

Расмий иш сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин жалпы курамы, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери коштоп жүрүштү.

Министрлер кабинетинин башчысын орус жеринде кеңири масштабда тосуп алышты. Аэропортто Кыргызстан менен Россия Федерациясынын желектери илинип, ардактуу кароол тизилди. Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, ардактуу кароолдун ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Алексей Оверчук, ошондой эле эки өлкөнүн министрлер кабинетинин бардык курамы Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуусу менен башталды.

Эки мамлекеттин жетекчилери катышуучуларды маанилүү окуя менен куттуктап, эки элдин маданият тармагындагы кызматташуусу Кыргызстан менен Россиянын достугунун маанилүү аспектиси болуп кала берерин белгилешти, ошондой эле тыгыз кызматташтык мындан ары да бекемделе берерин билдиришти.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов кыргыз элинин тарыхында жаңы мамлекеттүүлүгүбүздүн башталышы дал ушул 1924-жылы түптөлгөндүгүн белгиледи. “Биз өзүбүздүн тарыхыбыз менен абдан сыймыктанабыз. 1939-жылы жана 1958-жылы Москвада Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун декадаларынын өтүшү да жакшы эсибизде”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Кыргызстандан келген делегация мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун расмий сапарынын алкагында келгендигин белгиледи. Ошондой эле 2024-жылдын 20-октябры биздин маданиятыбыздын тарыхында гана эмес, мамлекеттин жаңы тарыхында да тарыхый окуя болуп калгандыгын айтты.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү маселелери талкууланарын билдирди. Бул министрлер кабинетинин башчысынын Россияга биринчи расмий сапары. Мындан улам орус тарап бул сапарга өзгөчө көңүл буруп, алар бардык протоколдук чараларды толугу менен аткарышты. Сапардын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр абдан активдүү өттү. Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, транзиттик байланыштарды кеңейтүү жана Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

“Азыр Кыргызстан менен Россия мамлекет башчыларынын деңгээлинде белгиленген жашыл экономика, тоо системаларын сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүү сыяктуу дээрлик бардык тармактарда кызматташууда. Бул багытта эки өлкөнүн аткаруу бийлиги активдүү иш алып барууда. Бул расмий визит абдан маанилүү жана өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташууну кеңейтүү, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында уюштурулгандыгын белгилегим келет”, - деди Кулубаев.

Мамлекеттер аралык деңгээлде экономикалык кызматташтыкты чыңдай турган жана биргелешкен күч-аракеттер реалдуу натыйжаларды бере турган тармактарда потенциалды колдонууга мүмкүндүк берүүчү жол картасы кабыл алынган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей, “Жол картасынан” тышкары маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле өз ара эсептешүүлөрдү чыңдоо боюнча чаралар кабыл алынган. Бир катар чаралар өнөр жай кооперациясы жаатында долбоорлорду түзүү аркылуу биздин өз ара соода жүгүртүүбүздү көбөйтүүгө багытталган. Тараптар бардык тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууну макулдашты.

Акылбек Жапаров Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, өкмөттөрдүн биргелешкен жыйынына барды.

Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин белгилегендей, Россия менен Кыргызстан ЕАЭБ, КМШ жана ШКУнун алкагында үзгүлтүксүз байланышта иш алып барууда. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жакшы темп менен өнүгүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында товар жүгүртүү 16%га өскөн. Өз ара эсептешүүдөгү рублдин үлүшү дээрлик 90%га жетти. Россия менен Кыргызстандын кызматташуусун арттырууга ири потенциал бар, биринчи кезекте каржы секторунда, айыл чарбада, энергетикада, транспортто, ошондой эле санариптик технологиялар тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Эки тараптуу кызматташтык экономикалык алакалар менен гана чектелбейт. Биз гуманитардык байланыштарга өзгөчө көңүл бурабыз – бул биздин өлкөлөр ортосундагы достук, жакын коңшулук жана чыныгы бир туугандык мамилелерди чыңдоонун негизи.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, анын артынан 1926-жылы КАССР, 1936-жылдан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү суверендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалынын түптөлүшүнө карата кыргыз эли үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгонун белгиледи. Кыргыз жана орус элдеринин достугу кылымдар бою чыңдалып, оор сыноолордон өтүп, берилгендиктин жана ишенимдүүлүктүн көптөгөн үлгүлөрүн көрсөтүп келген.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле фашизмди жеңген жалпы жеңишти да белгиледи. Экинчи дүйнөлүк согуштун оор жылдарында кыргыздар СССРдин башка элдери менен биргеликте жалпы Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жан аябастан салгылашкан. Кыргызстан Россия сыяктуу эле Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларын эскерүүгө өтө кылдаттык менен жана урмат-сый менен мамиле жасап, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына кызуу даярданууда.

Кыргызстан менен Россия мамлекет башчыларынын тапшырмасына ылайык, эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана анын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты.

Биргелешкен жыйында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун олуттуу жыйынтыктары да белгиленди. Бүгүнкү күндө фонд болжол менен 3500 долбоорду 750 миллион долларга жакын каражатка каржылады.

Москва шаарында өткөрүлгөн Кыргызстындын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн биргелешкен отурумунун жыйынтыгында эки тараптуу беш документке кол коюлду.

Алар:

Министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

2002-жылдын 16-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль ташуулары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

КР Социалдык фонду менен РФ Пенсиялык фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо жаатындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу;
КР Финансы министрлиги, Улуттук банкы жана РФ Финансы министрлигинин, РФ Борбордук банкынын ортосундагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен РФ Транспорт министрлигинин ортосундагы транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бул иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды тастыктаган кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүүсүндөгү маанилүү учур болду.

Материалды даярдаган Салтанат Абдраева, которгон Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий