• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Акылман" президенттик лицейинин окуу корпустары кеңейтилүүдө

Билим 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. "Акылман" президенттик лицейинин окуу корпустары кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда лицейде 2024-2025-окуу жылын утурлай курулуш иштери жүрүүдө. Окуу корпусу үчүн бөлүнгөн эки кабаттуу эски имарат реконструкцияланып, үстүнө үчүнчү кабат салынат.

“Имаратта 360 окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт. Бул корпуста окуу класстарынан тышкары эл аралык стандарттарга жооп берчү заманбап лабораториялар, ийрим үчүн класстар, концерттик зал, жыйындар залы ачылып, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдууланат, - деп белгиледи лицейдин директору Эмил Рыскулов.

Мындан тышкары, азыр лицейдин территориясында спорттук комплекс жана мугалимдер үчүн жатакана курулууда. Курулуш иштерин август айынын аягына чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.

Белгилейсек, быйылкы жаңы окуу жылында лицейде жалпысынан 195 окуучу билим алат. Алардын ичинде 7-класстар 75 окуучу, 8-класстар 72 окуучу жана 9-класстар 48 окуучу бар.

Пикир

Оставить комментарий