• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте республикалык олимпиаданын III этабы аяктады

Билим 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкекте республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабы аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектеп окуучуларынын жалпы предметтери боюнча шаардык олимпиада 27-28-февраль күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.

Олимпиаданын шаардык этабына жалпы билим берүү мектептердин 152 окуучусу катышты.

Иш-чара И.Раззаков атындагы КМТУнун жана Б.Ельцин атындагы КРСУнын базасында математика, физика, химия, информатика, кыргыз тили жана адабияты, англис тили, тарых, география, биология, орус тили жана адабияты сабактары боюнча өттү.

Калыстар тобунун курамына беш ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, борбор калаадагы мектептердин алдыңкы мугалимдери, ошондой эле билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү кирди.

Шаардык олимпиаданын жеңүүчүсү болуп 56 окуучу тандалды, №61 гимназиясынан 6 окуучу, №13 мектеп гимназиясынан 3 окуучу №№6, 26, 28, 37, 38, 67, 69 мектептеринен 2ден окуучу, ошондой эле №№ 4, 12, 20, 24, 26, 29, 33, 63, 65, 70, 71, 72 85 мектептерден бирден окуучу жеңүүчү аталды.

Шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрү республикалык олимпиаданын IV этабына катышат.

Пикир

Оставить комментарий